ДОЛОН (ашуу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ДОЛОН барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОНИчки Теңир-Тоодогу ашуу; Байдулу жана Соң-Көл тоолорунун кесилишинде. Сары- Булак жана Кичи Кара-Кужур сууларынын ала­бын бөлүп турат. Бийиктиги 3030 м. Ашуу антро­погендеги тектоникалык кыймылдын тездешинен жо­гору көтөрүлгөн. Айланасындагы чокулар ашу­удан 200 – 300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жол­дун рельефи анча татаал эмес. Сары-Булактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, Кичи Кара- Кужур капчыгайына тик түшөт. Тоолор неги­зинен ортоңку ж-а үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец, акиташ теги жана үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-ли­париттүү порфирит, туф тектеринен турат. Ай­ланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу Биш-

Долон ашуусунун түштүк капталы.

кекТоругарт автомобиль жолу өтөт. Географиялык термино­логияда «Долон» кыр, жал, кырка, тилке дегенди билдирип, топонимдердин аталыштарында кол­донулат. Этимологиясы так аныктала элек. Генеологиялык уламыштырда кыргыз элинин түпкү аталарынын бири – Долон бийге байланыштырылат.

Географиялык топоним катары Долон (Dulán) алгач Мухаммед Хайдардын (1499/1500–1551) «Тарих-и Рашиди» деген эмгегинде «Оорук-Там» (Uruk; Уруктам) менен бирге эскерилет.