ГАИТИ аралы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГАИТИ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИ́ТИ (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи менен чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынан Мона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миӊ км2. Жанар тоо жана чөкмө тоо тектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр менен бөлүнгөн 4 кырка тоо бар). Бийиктиги 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эӊ бийик жери). Жер көп титирейт. Деӊизге караган түндүк-чыгыш жана түштүк капталдарында дайыма жашыл жана аралаш тропик токою, батышы менен ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой жана бадал; эӊ бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу ж. б. токой өсөт. Аралда Гаити жана Доминикан Республикасы жайгашкан. 1492-жылы Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.