АШЫРКУЛОВ
АШЫРКУЛОВ Мисир (08. 01. 1946-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Эркин-Сай айылы) ‒ генерал-лейтенант (2002). 1969-жылы Ленинграддагы (Санкт-Петербург) так механика жана оптика институтун бүткөн. 1963‒1964-жылдары Ленинград заводунун слесары, 1969‒1972-жылдары КМУнун лаборанты, электроника боюнча инженери, начальниги, 1972‒1976-жылдары Ленинграддагы С. М. Киров атындагы текстиль жана жеӊил өнөр жай институтунун аспирантурасын бүтүп, республикалык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, 1976‒1978-жылдары ФПИнин окутуучусу, 1978‒1986-жылдары республикалык ЖОЖ аралык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, директордун орун басары,
1986‒1988-жылдары ФПИнин кафедра башчысы, 1988‒1992-жылдары республикалык ЖОЖ аралык эсептөө борборунун директорунун орун басары, 1992‒1997-жылдары Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин ректору, президент-ректору, 1996‒2004-жылдары КРдин Улуттук коопсуздук министринин 1-орун басары, министри, КРдин Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, КРдин Коопсуздук кеӊешинин катчысы болуп иштеген.