"ИНТЕЛ"

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"И́НТЕЛ" (INTEL) – микропроцессор ж-а жарым өткөргүчтөрдү жасоочу дүйнөдөгү эң чоң ишка­на; АКШда (Калифорния) негизделип, электро­ника боюнча адистешкен корпорация. Ал интег­ралдык схемаларды (Integrated electronics) иш­теп чыгат. Дүйнөдө биринчи болуп көлөмү 1 бит болгон динамикалык эске ээ кристалл иштеп чыккан ж-а микропроцессор жасаган. «Интел» сырты металл, карапа, гелий кабыкчасы м-н капталган, ошондой эле энергияны аз сарптоочу 3 вольттуу интегралдык схемаларды чыгарат. Компьютер бөлүктөрүн туташтыруу үчүн «Интел» тез ылдамдыктагы жолчолорду сунуш кылуу­чу, өзөгү өзүнүн микропроцессору болгон даяр системалык такталарды иштеп чыгат. IBM PC сыйымдуу компьютерлеринде негизинен «Интел» фирмасынын микропроцессорлору: Intel – 8088, 80286, 80286 (SХ, DХ модификациялары), 80486 (SÕ SX2, DX, DX2 ж-à DX4 модификациялары), Pentium, Pentium Proулам жаңы номерлер м-н чыгарылат. «Интел» үстөлгө коюлуучу ж-а мобилдүү (чөнтөк) жеке компьютерди, сервер­лерди ж-а жумушчу станцияларды, процессор, системалуу плата, телекоммуникациялык ж-а микросхемалардын эсептөөчү виброторун (ди­рилдегич), тиричилик электроникасын, оптика­лык системалар үчүн жабдыктар (продукция) ж. б. чыгарат. «Интелдин» дүйнө боюнча 200дөн ашык бөлүмдөрү бар. Коалицияда 90 миң адам иш­тейт, ал эми анын базар баасы 150 млрд доллар (2004).