Тармактык Энциклопедия:ACTIVE X
Jump to navigation
Jump to search
АСТIVE X - test Microsoft корпорациясы тарабынан иштелип чыккан программалык колдонмо. Ал объектерди байланыштыруу жана катарлаштыруунун OLE технологиясынын жаңы версиясы. Бул технология колдонмолорго бир бирине компьютердин иштетүү системасынын жардамы менен жиберилүүчү кабарлар аркылуу өз ара аракеттешүүгө мүмкүндүк берет. Акыркы жаңыланган ActiveXке башкаруучу элементтер деп аталган аткарылуучу программаларды Интернет аркылуу таркатууга мүмкүндүк берген касиеттер кошулган. Мындай мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн компьютерге OLE технологиясын колдогон иштетүү системасы жүктөлүшү керек.