Тармактык Энциклопедия:БАСКЫЧ ТОП ЖАЙЫЛЫШЫ
Jump to navigation
Jump to search
БАСКЫЧ ТОП ЖАЙЫЛЫШЫ (Раскладка клавиатуры). Улуттук алфавиттин арип жана тамгаларын баскычтоп баскычтарына туура келтирүү. Экранда пайда болгон символ жеке эле басылган баскычка көз каранды болбостон, ал учурдагы баскычтардын жайгашуусуна да көз каранды. Баскычтар жайгашуусу өзгөртүлгөндөн кийин баскычта көрсөтүлгөн символ экранда чагылдырылганга туура келбей калышы мүмкүн.