Тармактык Энциклопедия:БАРАК БЕТИНИН НОМЕРИ, ЖОГОРКУ ЖАНА ТӨМӨНКҮ КОЛОНТИТУЛДАР
Jump to navigation
Jump to search
БАРАК БЕТИНИН НОМЕРИ(Page Numbers, Headers and Footers). Тексттик процессорлордун көпчүлүгү барак бетине номерди автоматтык түрдө (жогорку же төмөнкү оң, сол же ортосуна) орнотот. Жогорку жана төмөнкү колонтитулдар ар бир барактын жогору жана төмөн жагына маалыматтарды жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Мекемелердин, докладдын аттары, дата жана барактын номери жогорку жана төмөнкү колонтитулда жайгаштырылса документтин бардык беттеринде колонтитулдагы жазуулар кайталанып көрсөтүлүп турат.