Тармактык Энциклопедия:ААЛАМДЫН МОДЕЛИ
Jump to navigation
Jump to search
– биздин кылымдын башталышында А. Эйнштейн И. Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу теориясын жалпылоочу жалпы салыштырмалуулук теориясын ачкан. А. Эйнштейндин теориясынын негизинде советтик математик А. А. Фридман бүткүл Ааламдын матем. моделин түзгөн. Бул модель азыркы илимий космологиянын башталышы болгон. Фридман тартуу күчүнүн таасири астындагы Ааламдагы заттар тынч абалда болбойт – Аалам кеңейүү абалында же кысылуу абалында болот деген. Азыркы мезгилдеги илимде Ааламдын 3 модели белгилүү.
) Мейкиндик – убакыт координаты б-ча чексиз кеңейүүгө дуушар болуучу Ааламдын ачык модели. 2) Мейкиндик ж-а убакыт б-ча чектелген Ааламдын жабык модели. Бул модель б-ча Аалам белгилүү өлчөмгө чейин кеңейип (чектелип), андан соң кысылуу м-н алмашылат. 3) Эки моделдин ортосундагы абалда болот. Мында мейкиндиктин ийрилиги нөлгө барабарланып, Аалам чексиз кеңейет, андан кийин кеңейүү ылдамдыгы кескин азаюу м-н акырында нөлгө барабар болот. Келечекте Аалам ушундай абалда болууга тийиш, к. Ааламдын бир тектүүлүгү ж-а изотроптуулугу.