ОСМОГЛАСИЕ
Jump to navigation
Jump to search
ОСМОГЛАСИЕ (грекче okhtoik – ceгиз үндүүлүк) – Киев орустары тарабынан байыркы Византиядан кабыл алынып, колдонулган обондук- ладдык тутум. Осмогласие бири-бири менен белгилүү бир ыкмада катнашкан 8 кайрыкты түзөт. Адатта осмогласиенин бир кайрыгы бир жумалык чиркөөлүк кызматта аткарылган. Кийинки жумада осмогласиенин экинчиси аткарылган. Ошентип 1-8 кайрыктардын бир кайталанышы (айланышы) столы деп аталган.