ООШТУРМА МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ООШТУРМА МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР (латынча transpono - которуштурам, ооштурам) – ноталуу музыкалык текстке добуш бийиктиги төп келбеген музыкалык аспаптар. Аларга валторна, труба, корнет, кларнет, саксофон, гобой жана башкалар кирет. Ооштурма музыкалык аспаптарга шарттуу түрдө октавага жогору (мисалы, флейта пикколо) же төмөн (мисалы, контрабас) добуш салган аспаптар да кирет.