НЪУБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

НЪУБА (араюча нъуба – кезектеш, катарлаш) – араб музыкалык маданиятындагы оозеки салттагы адистик музыксынын «Андалусия салты» деп аталган багыты. Нъуба өзөгүн IX кылымда Багдадда калыптангандан тартып Магриб өлкөлөрүнө тарала баштаган. Бүгүнкү ар бир нъуба (алардын жалпы саны 9-15 чейин) истифтах, мчалия, тушейя, мссаддар сыяктуу аспаптык жана мувашшах сыяктуу вокалдык бөлүктөрдөн турат. Азыр нъубанын тунистик (малуф), алжирдик (сана), марокколук (гирнати) сыяктуу стилдери бөлүнүп чыккан. Алар нъубанын Севильяда (малуф), Кордовада (сана), Гренадада (гирнати) жаралган салттарын өнүктүрүүдө. Нъубаны хор, ырчы жана уд, канун, най, ребаб, дарабукадан турган аспаптык ансамбль аткарат.