НОТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

НОТАЦИЯ (латынча notation – жазуу, белгилөө) – обонду, күүнү, жалпы эле музыкалык чыгармаларды кагазга түшүрүү,жазуу. Байыркы Египетте, Грекияда жана башка кадимки эле обонду, күүнү, музыкалык чыгарманы нотага түшүрүү аракети жүргүзүлгөн. Анда биринчи кезекте добуш бийиктигин белгилөө, ыргакты жазуу аракети да болгон. Алгач нотация тамгалары (мисалы, музыкалык алфавит), муундардын жардамы менен ишке ашырылган. Нотация невмалар, тибет нотация, хаздар, кондактар, крюк жана башкалар болуп азыркы түргө келгенге чейин узак жолду басып өткөн.