МАКАМ (музыка жанры)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МАКАМ (арабча макам – туруу орду, берене басуу чеги) – арабдарда, түрктөрдө жана иранда тараган оозеки салттык музыка жанры. Макам араб музыка маданиятында бир нече мааниде колдонулат: а) араб музыка өнөрүндөгү чыгармалардын композициялык өнүгүү принциби; б) макам аткарылган жанрдагы ладдын аталышы; в) туруктуу түзүлүшкө ээ болгон макамдын жекече жанрдык аталышы (мисалы, «Макам-аль-Ирак» – «Ирак макамы» жана башкалар). Макам принциби Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия элдеринин музыка өнөрүндө тараган.