АРУЗ, а р у д

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРУЗ, а р у д (ар.) – түрк тилдеринде сүйлөгөн калктардын классикалык поэзиясында, ошондой эле араб-фарсы адабиятында тараган ыр түзүлүшү. Бул түзүлүштөгү ырлар узун жана кыска муундардын кезектешип алмашуусуна, ошондой эле саптагы муундардын сапатына жана чен-өлчөмүнө негизделет.
Аруз менен жазылган алгачкы чыгармалардын бири – Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» дидактикалык дастаны. Аруз ар элде өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, «араб арузу», «фарсы арузу»,«түрк арузу» деп жиктелет. Ал Жами, Навои, Хафиз, Саади, Бабур, Махтумкули, Низами ж. б. классиктердин ыр жазуу системасына айланган.