ИО
Jump to navigation
Jump to search
ИО (Iо) – Юпитердин жандоочусу. 1610-ж. Галилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диаметри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3. И. м-н Европанын, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Ганимед м-н Каллистодон кичине. Амер. «Вояджер» космос аппараты тарткан И-нун бетинин
Файл:ИО58.png
Ио бетиндеги активдүү жанартоолор.
сүрөтүндө бийикт. 9 кмге чейин аска сыяктанган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанартоолор жакшы көрүнүп турат. И. бетинде жаңы катмарлар пайда болуп турат ж-а кызгылтым темгилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чыккан туздар деп божомолдонот. Анын адаттан тышкары өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар б-ча И-нун сейрек атмсы ж-а ионосферасы да бар.