ИНЬ ЖАНА ЯН
ИНЬ ЖАНА ЯН (кытайча сөзмө-сөз – «караңгы» ж-а «жарык») – байыркы кытай философиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу «И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыркы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү капталын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ургаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жердин, айдын, жуп сандардын символуна айланган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. И. – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Я. – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башкарат. И. ж. Я-дын ортосундагы байланыш – дуалисттик эмес, диалектикалык байланыш. Анткени И. ж. Я. өз алдынча эмес, өз аракеттенишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кыймыл-аракеттене алышат. И. ж. Я-дын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир И. ж. Я-дагыдай жарык ж-а караңгы сыяктуу эки башатка ажырагандан кийин адам жаралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пассивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кый-
мыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршылыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубулуштардын кульминациясы катары кабыл алынат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-биринин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймылда болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. И. ж. Я. концепциясы заманбап кытай медицинасында маанилүү роль ойноосун улантууда.