АЭРОБИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 а э р о б д о р (аэро... ж-а биос) ‒ эркин кычкылтектүү чөйрөдө жашоого ж-а өсүүгө жөндөмдүү организмдер. А. өсүмдүк, жаныбарлардын дээрлик бардыгына ж-а микроорганизмдердин көбүнө мүнөздүү. Анаэробдордон айырмаланып, аэробдор тиричилик үчүн керек энергияны заттардын атм. кычкылтектин катышуусу м-н жүргөн кычкылдануусунан алат. Алардын дем алуусу мол. кычкылтекти сиӊирип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу м-н жүрөт. Заттардын ж-а энергиянын аэробдук алмашуусу анаэробиозго караганда натыйжалуу. Аэробдорго бардык өсүмдүктөр, көпчүлүк жөнөкөйлөр ж-а көп клеткалуу жаныбарлар, дээрлик бардык козу карындар кирет. Аэробдордун ичинен фотосинтездөөчү организмдер (цианбактериялар, балырлар ж. б.) өзгөчө орунду ээлейт. Бул организмдер О2 бөлүп чыгарып, калган бардык аэробдорду камсыз кылат.