АШКАБАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:23, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Cucurbita) ‒ эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Бир же көп жылдык чөп, чанда чала бадал. Сабагы жерге төшөлүп же сойлоп өсөт, айрымдарыныкы түрүн өзгөртүп, мурутчага айланган. Жалбырагы чоӊ, манжадай, гүлү жалгыздан же топ гүл, сары. Мөмөсү ‒ ашкабак. 130 уруусу, 900 түрү белгилүү. Кырг-нда 15 түрү кезигет , көпчүлүгү эгилме. Тропик ж-а субтропик райондун нымдуу токойлорунан тартып чөлдөргө чейинки фитоценоздордо кезигет. Африка, Азия ж-а Америкада А-дын көп жапайы түрлөрү өсөт. Бул тукумга ашкабак , кутурган бадыраӊ, дарбыз, бирония, коон ж. б. кирет. Кутурган бадыраӊ Азов аралында, Жер Ортолук деӊиз аймагында, Кичи Азия, Россиянын түштүгүндө, Кавказда ж-а Крымда кумдак топурактуу жерлерде кездешет. Ал кадимки бадыраӊга окшош. Бышкан кутурган бадыраӊга акырын бир нерсе тийип кетсе, уругу чачырап атылып кетет. Көпчүлүк түрүнүн тиричиликте мааниси чоӊ. 

Б. Кендирбаева.