АВЕРРОИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:17, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – 13–16-к-дагы батыш-европа философиясындагы араб философу Ибн-Рушд Мухаммед (лит. Аверроэс) негиз салган филос.-теологиялык багыт. А-дин өкүлдөрү «тиги дүйнөнүн» бар экендигин танышып, билимди динге, философияны теологияга каршы коюшкан. Материя м-н кыймылды эч ким жараткан эмес, алар түбөлүктүү. Ал эми адамдын акылы болсо, чындыкты таанып-билүүгө жөндөмдүү. А. ислам ортодоксу тарабынан катуу куугунтукка алынган. Анткени, А. дүйнөнүн пайда болушунун башталыш себеби, биринчи кыймылдаткычы - таза акыл-эс деп тааныган, бирок аны Кудай жараткан эмес, о. эле жеке адамдын жаны түбөлүк эмес деп далилдешкен.
Т. Эсенгелдиев.