АШИРБАЕВ Токтосун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Токтосун (15. 1. 1948, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ана-Кызыл айылы ‒ 3. 4. 2006, Бишкек ш.) ‒ тилчи, филология илимд. доктору (2001), проф. (2005). КРдин мамл. сыйл. лауреаты (2004). Ош мамл. пед. ин-тунун (азыркы Ош мамл. ун-тинин) филология ф-тин бүтүргөн (1974). Кийин анда улук окутуучу, доцент, декан (1979‒2001), 2001-жылдан кафедра башчысы болгон. 100дөн ашуун ил. эмгектери, а. и. орто мектептер ж-а ЖОЖдор үчүн окуу китептери, окуу куралдары жарык көргөн. Анын эмгектеринде тил илимине, кыргыз тилинин стилистикасына тиешелүү маселелер иликтөөгө алынган .

Эмг.: Тилдик бирдиктердин стилистикалык табияты. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Стилистиканын жалпы маселелери, 1-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Фонетикалык, сөз жасоо жана лексикалык стилистика, 2-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Морфологиялык жана синтаксистик стилистика, 3-китеп. Б., 2001; Кыргыз тилинин стилистикасы: Функционалдык стилдер, 4-китеп. Б., 2004.
М. Молдалиева.