АМПЕЛОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМПЕЛОГРАФИЯ (гр. ampelos – жүзүм жана ...графия) – жүзүмдүн түрү жана сорту жөнүндөгү илим. Сырткы чөйрөнүн жана агротехникалык ыкманын таасиринен жүзүм түрүнүн жана сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүгүн ампелография изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү жана сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну илимий жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү менен сортун туура пайдаланууга, ошондой эле тигил же бул сорт тобунун алынышы жана башканы аныктоого мүмкүндүк берет.