АМОНТОН
Jump to navigation
Jump to search
АМОНТОН (Amontons) Гийом (Гильом; 1663, Париж – 1705, ошол эле жер) – франциялык физик жана геофизик. Париж ИАнын мүчөсү (1699). Өзгөчөлөнгөн бир нече геофизикалык аспаптарды, гигрометр, барометр, газ термометрлерин жана башкаларды конструкциялаган. Температуранын абсолюттук нөл түшүнүгүн киргизген. Абанын басымы менен температуранын серпилгичтигин байланыштырган. Абанын, сымаптын жана башка телолордун жылуулуктун таасиринен кеңейгенин байкаган. Катуу телолор бири-бири менен сүрүлүшкөндө алардын жылышаарын изилдеп алгачкы законун ачкан (1699). Ал закон “Амонтон закону” деп аталган. Тирүү организмдердин механикалык кыймылын жана ага кеткен күчтү ченөө менен да алектенген.