АКНАЗАРОВА Роза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКНАЗАРОВА Роза Корчубековна (06. 12. 1955­-жылы туулган, Жалал‑Абад облусу, Чаткал району, Янги‑Ба­зар айылы) – экономист, экономика илимдеринин док­тору (2005), профессор (2005), КРдин экономикага эмгек сиңирген ишмери (1998). КМУну (1978), Моск­вадагы Бүткүл союздук илим-изилдөө институтунун аспи­рантурасын (1984) бүтүргөн. ФПИде окутуучу (1978‑1981), Кыргыз экономика жана айыл чарба илим-изилдөө институтунда сектор башчы (1992), КРдин Улуттук банкында башкармалыктын начальни­ги, башкы бухгалтер (1992‑1996), ДЕБРА агент­чилигинин директору (1996‑1999), КРдин Со­циалдык фондунун председатели‑министр (1999­-2000), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000‑2001), КРдин Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри (2001‑2005), КМУда окутуучу (1998‑2006), «Эл ынтымагы» социал‑демократиялык партиянын төрайымы болуп иштеген. 30дан ашуун илимий эмгек­тери, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Не­гизги эмгектери рынок шартындагы айыл чар­басынын социалдык‑экономикалык проблемаларына ар­налган.
Эмг.: Рынок жана экономикалык саясат. Б., 1998; Социально‑экономические проблемы аграрной ре­формы. Б., 1999; Формирование и эффективное раз­витие финансовой системы аграрного сектора Кыр­гызстана. Б., 2002; Экономическая эффективность аг­рарного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.