АКЧАБАЕВ Малик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЧАБАЕВ Малик (1932-жылы туулган, Ош облусу , Хиля кыштагы) ‒ пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Эмгек жолун 1950-жылы Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган.

АКЧАБАЕВ14.png

1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада 1979-жылы пахтадан ар бир га жерден 53,5 цден түшүм алган. 1975‒1980-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.