АЙТМУРЗАЕВ Ташмурза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 30 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙТМУРЗАЕВ Ташмурза (18.1.1930‑жылы туулган, Жа­лал‑Абад облусу, Аксы району, Иренжит айылы) – КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2004), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1999). Физика‑математика илимдеринин кандидаты (1958). КМУну (1952) жана анын ас­пирантурасын (1956) бүтүргөн. 1963‑1965‑жылдары КМУ­да декан, ОМПИнин ректору (1965‑1967), ФПИде проректор, декан (1967‑1989), 1999‑жылдан КМУ­да профессор. Теориялык физика, талаа теориясы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу китептин автору. Медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Электродинамика жана салыштырмалуулуктун атайын теориясы. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. Б., 2000.