АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурадович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Обид Мурадович (1920, Ташкент ш. ‒ 1996, ошол эле жерде) ‒ геолог, геол.-минералогия илимд. доктору (1959), Өзбекcтан ИАнын академиги (1966), вице-президенти, Өзбек ССРнин илимине эмг. сиӊ. ишмер (1964). О. Азия политех. ин-тун бүткөн (1945). Өзбекстан ИАнын Геология ин-тунда ил. кызматкер (1957‒59), 1959-жылдан Өзбекстандагы нефть ж-а газ кендеринин геол. ж-а чалгындоо ин-тунда директор. Өзбекстан География коомунун президенти. А. негизги ил. иштери Өзбекстан ж-а Түш. Кырг-ндын чөкмө тоотек катмарла рындагы нефть-газ чыгуучу геол. свиталарды, нефть-газ пайда кылуучу ж-а топтолуучу зоналарды белгилөө б-ча комплекстүү изилдөөгө, нефть м-н газдын келечегин аныктоого багытталган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Илимпоздун урматына Ташкент ш-ндагы көчө аталган.

Эмг.: Литология нефтегазоносных меловых отложений Ферганской депрессии. Таш., 1960.