АВИЗО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВИЗО (итал. aviso) – эсеп операциясынын аткарылгандыгы тууралуу банктын расмий билдирүүсү. Авизо айрыкча банктар өз ара эсептешүүдө көп колдонулат. Анын негизги реквизиттери: номери, операция катталган дата, мүнөзү, суммасы, төлөөчүнүн же кепилдин аталышы. Авизо кардарларга алардын эсептери боюнча дебеттик каттоо, аккредитивдерди ачуу, чектерди жана которулма векселдерди коюу, акча которуу, алардын эсебиндеги акча калдыктары жана башка операциялар жөнүндө кабарлоо үчүн колдонулат.