АВИАЦИЯ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:06, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВИАЦИЯ СПОРТУ — спорттун авиациялык түрлөрүнүн жалпы аты. Ага авиамодель спорту, парашют спорту, планер спорту кирет. Эл аралык авиация федерациясы 1905-жылы түзүлгөн. Авиация спорту Кыргызстанда 1934-жылы уюшулган. Бишкектеги авиация клубунда көп сандаган атактуу учкучтар (алардын катарында эки жолку Советтер Союзунун Баатыры Т. Бегельдинов жана башкалар) тарбияланган. Азыр республикада авиация спортунун көптөгөн чеберлери бар, анын ичинде И. Иванников – авиамоделизм боюнча дүйнөнүн рекордсмени.