АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:33, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ – спорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета жана башкалар) конструкциялоо жана даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын жана жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу боюнча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-жылы Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы 1923-жылы негизделген. Бул спорт боюнча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио менен башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.