АВВАКУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:44, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВВАКУМ Петров (20. 11. 1620–14. 4. 1682) – орустун эски ырым-жырымдарын жактоочуларынын диний кыймылынын (старообрядчество) идеологу, протопоп. Патриарх Никондун чиркөө реформасын таануудан баш тарткандыгы үчүн 1653-жылы үй-бүлөсү менен Тобольскиге сүргүнгө айдалган. 1663-жылы Москвага кайтып келген, бирок расмий чиркөө менен күрөшүн уланта берген. 1666-жылы чиркөөлүк собордун чечими менен Аввакумов чиркөөдөн четтетилген (анафемага берилген), Пустозерской острогуна сүргүнгө айдалган, 1682-жылы чиркөө соборунун өкүмү менен жыгач тамда өрттөлгөн. Өзүнүн чыгармаларында («Книга бесед», «Книга толкований», атактуу «Житие» жана башка) расмий чиркөөнүн каталарын жана падышанын «чындыкка жатпаган калпычылыгын» айгинелеп бетин ачкан.
Б. Солтонбеков.