АБУ ШАДИ АХМЕД ЗАКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 17 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБУ ШАДИ АХМЕД ЗАКИ (1892–1955) – араб (Египет) жазуучусу, филолог, котормочу, врач-бактериолог. Лондон университетинде окуган (1912–1922). 1936-жылы Каирде «Аполло» аттуу адабий ийрим жана журнал уюштурган. Александрияда «Адаби» (1939) журналын чыгарган. 1946-жылы АКШга келип Нью-Йоркто түрдүү кызматтарда иштеген. Азия институтунда араб адабиятынын профессору болгон. Анын «Таңкы шүүдүрүм» (1910), «Жазгы көрүнүштөр» (1933), «Туткундагы Ибн Зейдун» (1925) жана башка лирикалык ыр жыйнактары, тарыхый повесттери жана араб поэтикасы жөнүндө эмгеги бар. Абу Шади Чыгыштын жана Батыш Европа акындарынын, Хафиз, Омар Хайям, У. Шекспирдин чыгармаларын которгон.