ПАСТИЧЧО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ПАСТИЧЧО''' (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынга...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ПАСТИЧЧО (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынган ариялардан, ансамблдерден жана башка музыкалык номерлерден турган жаңы опера. XVII кылымдын акырынан тартып тараган. Пастиччо ыкмасында аспаптык чыгармалар да жаралган (мисалы, Чайковскийдин «Моцартианасы» жана башкалар). 2. Композиторлор тобу, шериктиги тарабынан жаралган музыкалык чыгарма (мисалы, В. Беллинин «Гексамерон» чыгармасынын темасына Герц, Лист, Черни, Шопен, Тальберг жазган вариациялар жана башкалар).