ПАССАКАЛЬЯ
Jump to navigation
Jump to search
ПАССАКАЛЬЯ (испанча pasar – басып өтүү, calle – көчө) – испандардын алгач ырга, кийин бийге айланган музыкалык жанры. Алгач пассакалья тойго, кечеге келген меймандарды гитаранын коштоосу менен узатуучу бий болгон. XVII кылымда Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө таралат да, бирок бий эмес аспаптык пьеса түрүндө колдонула баштайт. Пассакалья негизин кайгыны, аза күтүүнү көрсөтүү түзөт. Жай темпте аткарылат.