ПАРТИТУРАНЫ ОКУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ПАРТИТУРАНЫ ОКУУ''' – 1. Хор, ансамбль, оркестр үчүн жазылган чыгармаларды партитура менен ойно...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ПАРТИТУРАНЫ ОКУУ – 1. Хор, ансамбль, оркестр үчүн жазылган чыгармаларды партитура менен ойноо, таанышуу процесси. Ал бай тажрыйбаны, жогорку атайын билимди жана өтө өнүккөн угуу жөндөмүн талап кылат. 2. Музыкалык чыгарманы партитурасы боюнча фортепьянодо ойноо. 3. Музыкалык окуу жайларында өтүлүүчү атайын окуу предмети.