ПАРАФРАЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ПАРАФРАЗА''' (грекче paraphrasis – сүрөттө, кайталоо) – 1. Белгилүү ырлардын, опералык ария жана башк...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ПАРАФРАЗА (грекче paraphrasis – сүрөттө, кайталоо) – 1. Белгилүү ырлардын, опералык ария жана башка обондордун негизинде жаралган аспаптык концерттик (ал көбүнчө фортепьяно үчүн иштелип чыгат) чыгарма. Адатта парафразага кирген обондор өтө чоң өзгөрүүлөргө кириптер болот. Ушунусу менен парафраза транскрипциядан айырмаланып турат. Парафраза өзгөчө XIX кылымда кеңири колдонулган. 2. Жалгыз үндүү обонду полифониялык ыкмада иштеп чыгууну билдирген түшүнүк. XIII–XIV кылымдарга таандык.