ПАВАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ПАВАНА''' (италянча pavana - тоос куш) – XVI кылымда Европада кеңири тараган бий. Павананын келип чыг...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ПАВАНА (италянча pavana - тоос куш) – XVI кылымда Европада кеңири тараган бий. Павананын келип чыгышы жөнүндө эки түрдүү пикир айтылып жүрөт. Биринчиси боюнча павана же падуана Италиянын Падуя шаарында калыптанган. Ошондуктан ал павана деп аталат. Экинчиси боюнча павана Испанияда пайда болгон жана ал тоостун (испанча раvo - тоос) кекирейген басыгын тууроодон келип чыккан. Өтө жай, салабаттуу бийленет. XVII кылымда павана өз алдынча аспаптык пьеса катары колдонула баштаган жана сюитанын катарына кирген.