ОСМОГЛАСИЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:01, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ОСМОГЛАСИЕ''' (грекче okhtoik – ceгиз үндүүлүк) – Киев орустары тарабынан байыркы Византиядан кабы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ОСМОГЛАСИЕ (грекче okhtoik – ceгиз үндүүлүк) – Киев орустары тарабынан байыркы Византиядан кабыл алынып, колдонулган обондук- ладдык тутум. Осмогласие бири-бири менен белгилүү бир ыкмада катнашкан 8 кайрыкты түзөт. Адатта осмогласиенин бир кайрыгы бир жумалык чиркөөлүк кызматта аткарылган. Кийинки жумада осмогласиенин экинчиси аткарылган. Ошентип 1-8 кайрыктардын бир кайталанышы (айланышы) столы деп аталган.