ОРФЕРИОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:57, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ОРФЕРИОН''' (англисче orpharion - гректердин байыркы легендарлуу ырчылары Орфей менен Ариондун ысы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ОРФЕРИОН (англисче orpharion - гректердин байыркы легендарлуу ырчылары Орфей менен Ариондун ысымынан) – кылдуу чертме музыкалык аспап. Сүйрүсүнөн келип, 7-9 кош кылы бар. XVI–XVII кылымдарда Англияда, Италияда жана Францияда кеңири колдонулган.