ОРКЕСТРИОН
Jump to navigation
Jump to search
ОРКЕСТРИОН – 1. Мануалдык баскычтуу, көп регистрлүү, көтөрүп жүрмө орган. 1780-жылы И. Фоглер тарабынан жасалган. 2. Фортепьяно түрүндөгү ойноо тетиктери, тартылган кылы бар орган түрү. 1791-жылы А. Т. Кунц жасаган.3. Өзү ойноочу механикалык аспап. Ал оркестрди тууроо үчүн жасалган. Аспаптын тетиктери пружинанын жардамы менен кыймылга келет.