ОПЕРА-СЕМИСЕРИА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ОПЕРА-СЕМИСЕРИА''' (италянча ореrа semiseria – жарым олуттуу опера) – Италияда калыптанган жана ал...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ОПЕРА-СЕМИСЕРИА (италянча ореrа semiseria – жарым олуттуу опера) – Италияда калыптанган жана ал жерде кеңири тараган опера-сериа (ореrа seria) менен опера-буффанын (ореrа buffa) ортосунан чыккан опера жанры. Опера-семисериа атайын бир чыгармачыл изденүүнүн натыйжасында эмес, жөн гана жогоруда аталган опера жанрларындаты эки чыгармачыл багыттын мүнөздүү белгилеринин бири-бирине өтүшү, пайдаланылышынын натыйжасында жаралган. Опера-семисерианын эң мыкты үлгүсү – Дж. Россининин «Сааттуу сагызганы».