ОБЕРТОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ОБЕРТОНДОР''' (немецче oberton – бийик тон, бийик добуш) – белгилүү бир үндүн негизги бийиктигинен...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ОБЕРТОНДОР (немецче oberton – бийик тон, бийик добуш) – белгилүү бир үндүн негизги бийиктигинен жогору чыккан музыкалык кошумча добуш тилкелери, тыбыштар. Үйлөмө музыкалык аспаптардын ичине камалган аба, тартылган кыл термелген кезде табигый же гармоникалык деп аталган кошумча добуш тилкелери, тыбыштар пайда болот. Алар негизги тон менен кошулуп табигый добуш катарын түзүшөт. Бул катардагы термелүү бирдиги табигый 1: 2: 3: 5: жана башкалар. Гармоникалык обертондорду угуу татаал, себеби алар негизги тон, добуш меген кошулуп кетет. Обертондор добуш кооздугун, мүнөздүү өзгөчөлүгүн жаратууда негизги роль ойнойт. Аларды түрдүү ыкмалар (мисалы, пиццикато, флажолет жана башкалар) менен күчөтүп угууга мүмкүнчүлүк алуу музыкалык чыгарманын көркөмдүк каражатын арттырып, таасир берүү касиетин күчөтөт.