«НАСЫЙКАТ» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ
Jump to navigation
Jump to search
«НАСЫЙКАТ» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ – 1984–жылдан бери Кыргыз улуттук филармониянын алдында иштейт. Коллективдин алгачкы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру И. Машкевич болгон. Оркестрдин өздүк репертуарында кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун көптөгөн чыгармалары бар. Кийинки жетектеген А. Жумакматов менен Ж. Каныметов да оркестрди көп ийгиликтерге жетиштирген.