АБДРАИМОВ Эмиль Самудинович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Эмиль Самудинович (1970-жылы туулган, Фрунзе шаары) – техника илимдеринин доктору (2002). 1991-жылы Алма-Ата жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан КР УИАнын машина куруу институтунда инженер, лаборатория башчысы, КРдин Инженердик-академиясында инженер, эксперименталдык-тажырыйба базасында илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, базанын башчысы. С. Абдраимов атындагы Машина куруу илимий-изилдөө борборунун директору. Абдраимов 75 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп чыгаруу патентинин автору. В. И Блининков атындагы Алтын медал, ж. б. медалдар менен сыйланган.