МУЗЫКАЛЫК ЫЛДАМДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:28, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МУЗЫКАЛЫК ЫЛДАМДЫК''' (латынча tempus – убакыт) – музыкадагы аткарылыш ылдамдыктын көрсөткүчү. М...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ЫЛДАМДЫК (латынча tempus – убакыт) – музыкадагы аткарылыш ылдамдыктын көрсөткүчү. Музыкалык ылдамдык музыкалык чыгармадагы өлчөм үлүштөрдүн саны менен шартталат. Музыкалык ылдамдыктан азыркы учурдагы мааниси XVI–XVII кылымдарда пайда болгон. Музыкалык ылдамдык чыгармаларды  аткаруунун бүгүнкү күндөгү орточо көрсөткүчү катары сүрөткерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Алар ылдам (vivo, vivace, allegro), орто (moderato) жана жай (largo, lento, andante) болуп бөлүнөт. Мындан тышкары алар ылдамданууну (accelerando), жайлатууну (ritardando) белгилеген көрсөткүчтөргө да ээ. Метрономду ойлоп табуу (1816-жылы) музыкалык ылдамдыкты дагы да так жана тааамай аныктоодо мүмкүнчүлүк ачты. Музыкалык ылдамдыктын көптөгөн көрсөткүчтөрү Италияда иштелип чыгып, такталган.