МУЗЫКАЛЫК ДОБУШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:51, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МУЗЫКАЛЫК ДОБУШ''' – музыкалык чыгарманын эң кичине, бөлүнбөс бирдиги. Музыкалык тажрыйбада п...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ДОБУШ – музыкалык чыгарманын эң кичине, бөлүнбөс бирдиги. Музыкалык тажрыйбада пайдаланылган музыкалык добуштун өзүнчө бийиктик, күчтүүлүк, узундук жана кооздук белгилери бар. Музыкалык добуш контроктавадан бешинчи октавага чейинки бийиктикке ээ. Андан бийик добуштар обертон, ызы-чуу катары угулат. Ар бир октава аралыгында түрдүү бийиктиктеги 12 музыкалык добуш колдонулат. Музыкалык добуш 0,015-0,02 секундадан бир нече мүнөткө чейин созулат. Оркестрде, аспаптык ансамблдерде музыкалык добуштун кооздук касиеттеринин айкалышуусу талап кыльнат. Адатта жалгыз алынган музыкалык добуштар көркөмдүк касиетке, мазмундук мааниге ээ боло албайт. Музыкалык добуштун өз алдынча биригишүүсү, айкалышуусу гана көркөмдүк, мазмундук жана таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.