МАКОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МАКОМ''' (тажик, өзбекче – турган жер, орун, берене) – алгач кылдуу чертме музыкалык аспаптарда...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МАКОМ (тажик, өзбекче – турган жер, орун, берене) – алгач кылдуу чертме музыкалык аспаптардагы берененин жана белгилүү бир добуш ордунун белгисин түшүндүргөн. Маком сөзү макам сыяктуу түркүн мааниде колдонулат. А. Н. Фараби, А. Абу-ибн-Сина жана башкалар макомду лад маанисинде колдонушкан. XIII–XVIII кылымдар аралыгында Борбордук Азия, Хорасан жана Кавказда он эки маком жаралып, колдонулган. Алар: Раховий, Хусайний, Зангула, Рост, Ушшок, Наво, Бусалик, Хижоз, Ирок, Исфахан, Зарафканд жана Бузрук. Азыркы күндө маком музыка өнөрүнүн башка жанрларынан айырмаланып, көп бөлүмдүү жана көлөмдүү. Бүгүнкү учурда өзбек, тажиктердин музыкалык маданиятындагы алты маком – шашмаком циклинде сакталган жана өмүр сүрүүдө. Алар – Бузрук, Рост, Наво, Дугох, Сегох жана Ирок. Ар бир маком эки чоң бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмү жалаң гана кылдуу аспаптарда аткарылат да, мушкилот (хорезмде чертүш йули) деп аталат. Экинчи бөлүмү кыл аспаптардын коштоосу менен ырдалып, наср (Хорезмде айтым йули) деп аталат. Аталган бөлүмдөр өз алдынча бир нече чыгармалардан турат. Ар бир маком бий коштоп аткарылуучу ыр-уфар менен бүтөт. Шашмакомдун ар бири өзүнчө мүнөздүү ыргактык түзүлүшкө ээ. Ал ыргактык түзүлүш дойрада аткарылат. Дойраны адатта маком наср бөлүгүнүн аткаруучу ырчылар – ханандалар чалышат. Алар өз ырларын дойра усулу менен коштойт. Мандола, мандора, пандора, пандурина (италянча mandola) – чертме кылдуу музыкалык аспап. Мандола деген ат XI–XII кылымдардан бери белгилүү. Мандоланын ар башка регистрдеги түрлөрү XVI кылымда пайда болгон. XVIII кылымда мандоланы Неаполь мандолинасынын түрлөрү колдонуудан сүрүп чыккан. Азыр пайдаланылбайт.