ЛЮЙ-ЛЮЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛЮЙ-ЛЮЙ''' (кытайча люй – мыйзам, ченем, катар) – Байыркы Кытайдын 12 баскычтуу добуш тутуму. Фил...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛЮЙ-ЛЮЙ (кытайча люй – мыйзам, ченем, катар) – Байыркы Кытайдын 12 баскычтуу добуш тутуму. Философиялык, космологиялык, эстетикалык жана этикалык түшүнүктү чагылдырган. Люй-люй тутумунун ар бир баскычынын добуш бийиктиги бири-биринен узундук өлчөмү менен айырмаланган бамбук түтүкчөлөрдүн жардамы менен аныкталган. Алардын ортосундагы добуш аралыгы таза квинтаны түзгөн (мисалы, белгилүү бир баскычты билдирген түтүктүн узундуту андан таза квинтага төмөн турган добуш баскычын билдирүүчү түтүктүн өлчөмүнүн үчтөн бирине барабар болгон). Люй-люй квинталык айлампанын негизинде октавадагы бардык добуш баскычтарын өз тутумуна камтыган.