ЛУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:33, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛУР''' - 1. Скандинавиялыктардын аэрофондор түркүмүндөгү байыркы музыкалык аспабы. Ал көбүнчө к...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛУР - 1. Скандинавиялыктардын аэрофондор түркүмүндөгү байыркы музыкалык аспабы. Ал көбүнчө колодон жасалган жана узундугу 2,3 метр. 2. Скандинавия өлкөлөрүнүн малчылары колдонгон үйлөмө музыкалык аспап. Ал кайындын кабыгынан жасалган. Добуш өзгөртүүчү көзөнөктөрү жана мүштөгү жок.