ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ''' (французча tragedie lyrigue – музыкалык-поэтикалык, тактап айтканда, ырдалуучу...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ (французча tragedie lyrigue – музыкалык-поэтикалык, тактап айтканда, ырдалуучу трагедия) – XVII кылымдын экинчи жарымында Францияда жаралган опера жанры. Лирикалык трагедия негиздөөчүлөрү Ф. Кино, Ж. Б. Люли. Лирикалык трагедия байыркы грек мифтерин, уламыштарын камтыган сюжетке жазылган. Анын негизги идеясы инсандык милдеттин, сүйүүнүн, жек көрүүчүлүктүн ортосундагы карама-каршылыкка негизделген. Лирикалык трагедия XVIII кылымдын аягында өз маанисин жоготкон. Бирок анда колдонулган музыкалык каражаттар, драматургиялык мыйзам ченемдүүлүктөр француз опера өнөрүнүн андан аркы өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн.