«АВТОМАШ-ЭКОЛ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:40, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АВТОМАШ-ЭКОЛ» ‒ жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Ekol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун-кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуулугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.